Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Пакистанда христиандардын чиркөөсүндөгү жардыруудан 9 киши мерт болду


Пакистандын Кветта шаарында кечээ чиркөөгө кол салуудан кеминде 9 киши окко учуп, 50дөн ашуун киши жарадар болду. Анын артында “Ислам мамлекети” радикал уюму турганы кабарланды.

Белужистан провинциясынын ички иштер министри Сарфараз Бугти чабуулду эки жоочу ишке ашырганын айтты. Алардын бири чоңдор менен балдар, бардыгы болуп 400дөй киши Кристмасс жөрөлгөсүнүн алдындагы таатка чогулган маалда өзүн жардырып жиберген.

Экинчисин коопсуздук органдары атып өлтүргөнгө үлгүрүшкөн. Ооганстан жана Иран менен чектеш Балучистанда мазхаб аралык уруштан сырткары исламчыл согушкерлердин, жикчилердин кол салуулары көп учурайт.

XS
SM
MD
LG