Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 03:00

Казакстанда "Кыз Жибек" тасмасында баш каарман Төлөгөндүн ролун аткарган актер Куман Тастанбеков көз жумду. Алматыдагы Мухтар Ауэзов атындагы казак академиялык драма театрынын басма сөз кызматы билдиргендей, 72 жашында дүйнөдөн кайткан актерду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 20-декабрда ошол театрда өтөт.

Султан-Ахмед-Хожиковдун "Кыз Жибек" кинотасмасы 1969-70-жылдары Тастанбековдун атагын чыгарган.

Маркум бир катар көркөм фильмдерде, спектаклдерде ойногон. Арасында Чыңгыз Айтматовдун чыграмаларынын негизинде сахналаштырылган "Ак кеме", "Жер эне" спектаклдери да бар.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG