Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 15:14

Баткен облусунун аймагындагы “Кызыл-Кыя автожол”, “Кызыл-Бел” жана “Кайрагач” бажы көзөмөл бекеттеринде кайра жабдуу, кеңейтүү иштери жүрүп жатат.

Курулуш иштери жакынкы айларда аяктарын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү “Азаттык” радиосуна билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери жүрүп жаткан, бажы чек ара көзөмөл өткөрмө бекеттери күнүмдүк жөнөкөйлөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Эл аралык стандартка жооп берген бажы көзөмөл бекетиндеги кайра жабдуу, кеңейтүү жумуштары аяктаса, облустун эле эмес, кошуна өлкөлөрдүн да өндүрүмүн ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык биримдикке кирген мамлекеттерге экспорттоого ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү. (JsA)

XS
SM
MD
LG