Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Тажикстанда мунай ишкерлери дагы эки айга камалышты


Ражабали Одинаев.
Ражабали Одинаев.

Дүйшөмбүнүн Фирдауси райондук соту Тажикстанга мунай жеткирүү жана сатуу менен алектенген «Умед-88» компаниясынын жетекчилеринин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Компаниянын түзүүчүсү Ражабали Одинаев менен директору Идибек Ибрагимов быйыл октябрда камакка алынган.

18-декабрда Одинаевдин адвокаты Хисрав Аюби сот чечимине макул эмес экендигин жана ал боюнча даттана турганын билдирди. Анын айтымында, тергөөчүлөр компаниянын өзүндө да текшерүү иштерин улантып жатышат. Буга чейин компания ишмердүүлүгүн токтоткондугу кабарланган.

«Умед-88дин» жетекчилерине каршы "Насыя иретинде берилген ири суммадагы акчаны уурдоо" жана "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал ортодо тергөөгө жакын өз булактар кабарлашкандай, учурда кылмыш ишин тергөө аяктап калды жана январда материалдар сотко жөнөтүлүшү мүмкүн. Азырынча компаниянын мүлкү камакта калууда. Мурдараак Ражабали Одинаевдин туугандары бийлик компаниянын мүлкүн сатууга тыюу салганын билдиришкен.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 14-октябрда ишкерлер менен жолугуп, Каржы министрлиги түшүнүксүз жолдор менен «Умед-88ге» мамлекеттик бюджеттен 170 миллион сомони насыя бергенин сынга алган. Анын айтымында, компания ал акчаны эки жылдан бери мамлекетке кайтарып бере албай келет.

«Умед-88» 1996-жылы негизделип, Орусиядан, Казакстандан жана Түркмөнстандан күйүүчү май алып келүү менен алектенет. Быйыл күзгө чейин компаниянын өлкөдө 70тен ашуун май куюучу жайы иштеп келген.

XS
SM
MD
LG