Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Бишкекте сасык тумоо жуккан 11 адам реанимацияда жатат


Дарыгерлер Кыргызстанда сасык тумоо күчөгөнүн эскертишти.
Бишкектеги жугуштуу оорулардын клиникасында 200дөн ашуун адам жатат. Оорусу өтүшүп кеткен 11 киши реанимацияда экенин "Азаттыкка" оорукананын директору Гүлжигит Алиев билдирди. Алардын бешөө жасалма дем алдыруу жабдуусуна туташтырылган.

Сасык тумоо жуккандардын көбүн 14 жашка чейинкилер түзөт. Адистер январь айында бул оорунун күчөшү жогору чекке чыгарын божомолдоп, жарандарды саламаттыкка көңүл бурууга чакырышты.

Грипптин табиятын аныкташ үчүн Бишкек шаардык, Кара-Суу, Ысык-Ата райондук ооруканаларына реактивдик вирусологиялык лабораториялар уюштурулду. (BCh)

XS
SM
MD
LG