Линктер

дүйшөмбү, 25-июнь, 2018 Бишкек убактысы 00:45

АКШнын расмий адамдары 18-декабрдагы поезд кырсыгынан кеминде үч адам мерт болгонун тастыкташты. Сиэтл - Портленд багыты боюнча биринчи сапарына чыккан тез жүрүүчү поезд Вашингтон штатындагы Такома шаарына жакын жерде рельстен чыгып кеткен. "Амтрак" аттуу бул поездин айрым вагондору көпүрөнүн алдында кара жолдо жүрүп бараткан автоунааларга урунган.

Американын айрым медиа каражаттары каза тапкандардын саны 6 кишиден ашканын кабарлап жатышат. Бирок расмий адамдар бул маалыматтарды тастыктай элек.

Дүйшөмбүнүн таңында болгон кырсыктан жабыркаган 70тен ашык адам ооруканага жеткирилген. Поездде 77 жүргүнчү жана 7 экипаж мүчөсү болгон.

XS
SM
MD
LG