Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 05:50

2017-жылы дүйнө жүзүндө 65 журналист жана медиа кызматкерлери киши колдуу болду. Бул тууралуу баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) уюму 19-декабрда кабарлап, бул сан былтыркыдан 18 пайызга аз экенин билдирди.

Киши колдуу болгон медиа кызматкерлеринин элүүгө жакыны кесипкөй журналисттер болгон. Соңку 14 жылдан бери бул сан 50дөн көп болуп келген. "Чек арасыз кабарчылар" уюму журналисттер жакшыраак машыгуудан өтүп, согуш аймактарында жакшыраак коргоого алынгандыктан киши колдуу болгондор азайганын белгиледи. Мындан тышкары кооптуу аймактардан чыгып кеткен журналисттер да көбөйгөн.

Бир жыл ичинде каза тапкан 65 журналисттин 39у атайын бутага алынып өлтүрүлгөн. Калгандары аба чабуулдары, артиллериялык аткылоо маалында мерт болгон. 2017-жылы Сирияда эле 12 журналист каза тапкан.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун соңку баяндамасына ылайык, быйыл 1-декабрга чейин баш-аягы 326 журналист камакка алынган. Былтыр камалган журналисттер 350гө чукулдаган.

XS
SM
MD
LG