Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 11:09

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-декабрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Юрий Хачатуровду кабыл алды.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, алар уюмдун 2018-жылдагы пландары жана кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Аскердик маселелер боюнча ишмер, Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын мурдагы жетекчиси Юрий Хачатуров уюмда быйылтан тартып баш катчы болуп иштеп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG