Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Исаков: Коомдук кеңештер кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштебеши керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик органдардын коомдук байкоочу кеңештеринин жыйынында билдирди. Ал коомдук кеңештер коррупцияга каршы күрөшкө салым кошууга тийиш экендигин айтып, кимдир-бирөөлөрдүн дымагы жана кызыкчылыгы үчүн иштебеши керек экенин кошумчалады. Өкмөт башчы алардын иши ачык-айкын болушу зарыл экенин белгилеп, “Таза коом” улуттук долбоорун ишке ашырууда аларга ишеним артып жатканын айтты.

Байкоочу кеңештер 2010-жылы Роза Отунбаева президент болуп турганда мекемелердин ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Ага ошол тармакты жакшы билген коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, эксперттер кириши керек жана курамы кеминде жети кишиден туруп, он бештен ашпоого тийиш. Алардын мүчөлөрү 2 жылга тандалат.

Коомчулукта "байкоочу кеңештер институту башында түзүлгөн максатына жеткен жок, бийликтин айтканынан чыкпайт" деген пикирлер айтылып жүрөт.

Жалпысынан 36 мамлекеттик органдын алдында коомдук кенеш бар. Учурда алар 21 мекемеде иштеп жатат. Калгандарында жаңы мүчөлөр тандалууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG