Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 16:09

Улуттук банктын төрагалыгына Абдыгуловдун талапкерлиги жактырылды


Толкунбек Абдыгулов.

Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловду кайрадан Улуттук банктын төрагалыгына дайындоо боюнча сунушту парламенттин Экономика жана фискалдык саясат бөлүмү жактырды.

Мамлекет башчынын сунушунун негизинде Абдыгуловдун талапкерлиги бүгүн аталган комитетте каралганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Толкунбек Абдыгулов 2014-жылдан 2017-жылдын августуна чейин Улуттук банкты жетектеген. Кийин биринчи вице-премьер болуп, 17-ноябрдан тартып вице-премьер-министр болуп иштей баштаган.

Улуттук банкты жетектеп турган Кубанычбек Кулматов быйыл 11-декабрда Бажы кызматына башчы болуп кеткен. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG