Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Саудиянын башкалаасы Эр-Риядга дагы бир ракета атылды


Саудиянын падышасы Салман.
Саудиянын падышасы Салман.

Сауд Арабиясы өз башкалаасы Эр-Рияддын үстүнөн баллистикалык ракетаны атып түшүргөнүн кабарлады. Йемендеги хусит козголоңчулары болсо Рияддагы "Ал-Ямама" сарайына ракета атышканын жарыялашты.

Шейшембиде Интернетке жарыяланган видеолордон шаардын үстүндөгү түтүндү көрүүгө болот. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Хуситтердин "Ал-Массира" телеканалы ракета Саудиянын жогорку лидерлери топтоло турган "Ал-Ямама" сарайына атайын багытталганын билдирди. "Ассошиейтед пресс" жаңылыктар агенттигинин кабарчысы дал ушул сарайда өтөрү белгиленген Саудиянын бюджети тууралуу жыйындын алдында катуу жарылууну укканын жазды. Адатта өлкөнүн бюджетин падыша Салман жарыялайт.

Өткөн айда Саудия Йеменден атылган эки ракетаны атып түшүргөн. Сауд Арабиясы баштаган коалиция "Йемендеги хусит козголоңчуларын ракета менен жабдыйт" деп Иранды айыптаган. Иран мындай дооматтарды четке каккан.

Йеменде Сауд Арабиясы коштогон коалиция колдогон өкмөт менен хусит козголоңчулары бир канча жылдан бери согушуп келет.

XS
SM
MD
LG