Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Алматыда бомба тууралуу жалган маалымат берген жаран кармалды


Алматыдагы Төле би менен Байтурсунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттан жардыруучу зат табылган жок. Жалган маалымат тараткан 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер департаменти кабарлады.

19-декабрда департаментке белгисиз киши телефон чалып, Төле би менен Байтурсунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги кеңселердин бирине бомба коюлганын кабарлаган. Имарат курчоого алынып, жардыруучу затты издөө иштери жүргөн.

Казакстанда буга чейин бомба коюлганы тууралуу телефон чалуу бир нече жолу болгон. Бул маалыматтардын басымдуу бөлүгү калп болуп чыгат. Казакстанда терроризм актысы тууралуу жалган кабар тараткан киши кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

XS
SM
MD
LG