Линктер

шейшемби, 16-январь, 2018 Бишкек убактысы 19:23

Казакстандын полиция кызматкерлери Самара-Шымкент автоунаа жолунда Өзбекстандын 50гө жакын жаранын куткарып калды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер департаментинин Актөбө облустук башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"15-декабрда Самара-Шымкент унаа жолунун Иргиз кыштагына жакын бөлүгүндө Өзбекстандан Орусияга бараткан автобус бузулуп калган. Анда жүргүнчүлөрдүн көбү жабыркап калышы мүмкүн болчу, анткени талаада катуу шамал болуп, абанын температурасы 23 градус суук болуп жаткан", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Ички иштер департаментинин маалыматына ылайык, автобустун ичинде Орусияга иштегени бараткан 48 өзбек жараны болгон. Ал жерге барган полициячылар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникасын чакырып, жүргүнчүлөрдү трассадагы жылынуу бөлүмүнө жеткиришкен.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG