Линктер

шаршемби, 17-январь, 2018 Бишкек убактысы 23:45

Кыргызстанда 20-декабрда Улуттук коопсуздук тармагында иштегендердин күнү белгиленет. Бул дата 2007-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген.

Чекисттерди кесиптик майрамы менен мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков куттуктап, өлкөдөгү бейпилдикти сактоодо алардын эмгеги зор экенин билдирди.

Эгемендиктин алгачкы жылдары бул орган Улуттук коопсуздук кызматы, андан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет деп аталган.

Кыргызстан эгемен болгон алгачкы жылдардан тартып атайын кызматты Герман Кузнецов, Анарбек Бакаев, Валерий Верчагин, Фелик Кулов, Мисир Ашыркулов, Таштемир Айтбаев, Болот Жанузаков, Калык Иманкулов, Мурат Суталинов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Шамил Атаханов, Бейшенбай Жунусов, Бусурманкул Табалдиев башкарган.

УКМКнын азыркы жетекчиси - Абдил Сегизбаев. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG