Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Парламент спикери түшкөн учак тумандан улам Ташкентке коно алган жок


Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков баштаган делегациянын учагы калың тумандан улам Ташкенттеги аэропортко коно албай, Самарканд шаарындагы аэропортко барды. Аларды жергиликтүү бийлик ылайыктуу тосуп алганын парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу "Фейсбукка" жазды.

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган кыргызстандык делегациянын Өзбекстанга расмий иш сапары 20-декабрда башталды.

Анын алкагында Жумабеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Олий Мажлис Сенатынын төрагасы Нигматилла Юлдашев жана Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмаилов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, делегация “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” деген туруктуу экспозицияга барып, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбар коёт.

Расмий иш сапары Олий Мажлис Сенатынын төрагасы Нигматилла Юлдашевдин атайын чакыруусу боюнча уюштурулду. (SE)

XS
SM
MD
LG