Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Кытай Бишкектин жолдорун оңдоого 42 млн. доллар бөлөт


Кытай өкмөтү Бишкек шаарындагы 72 чакырым жолду оңдош үчүн 278 млн. юань (42 млн. доллардан ашуун) каражат бөлөт.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, бул каражат “Бишкек шаарынын көчө-жолдорун өнүктүрүү” долбоорунун алкагында бөлүнөт. Ушу тапта анын биринчи фазасы ишке ашырылып жатат. Анын натыйжасында борбор калаадагы 49 көчө (100 чакырым) оңдолууда.

Долбоордун биринчи этабы үчүн 481 млн. юань бөлүнгөн. Аталган долбоор Кытай өкмөтүнүн техникалык-экономикалык кайтарымсыз жардамынын эсебинен ишке ашып жатат.

Кыргызстанда жолдордун абалынын начардыгынан жана жол кырсыктарынын көбөйүшүнөн улам өкмөттүн дарегине көп сын айтылып келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG