Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Чоң доого жыгылган журналисттер жана укук коргоочу үчүн каражат топтоло баштады


Кыргызстандагы жарандык активисттер соттун чечими менен ири доого жыгылган журналисттер Нарын Айып, Дина Маслова жана “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова үчүн “ЭлСом” электрондук капчыгы аркылуу (0555750882) каражат топтой баштады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Сөз эркиндигин коргоо” комитетинин өкүлү Адил Турдукулов кабарлады.

- Коомдун көңүлүн ушул жагдайга буруу максатында ушундай демилге көтөрүп жатабыз. Анткени Нарын Айып, Дина Маслова жана Чолпон Жакупова атуулдук коомдун кызыкчылыгын коргоп келишкен. Алар коргоого муктаж болгондо жалпы эл четте турбашы керек. Муну колдоп кетишет деп ишенебиз. Канча сумма топтолсо дагы, жабырлануучу тарапка алып барабыз.

19-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту "Zanoza.kg" сайтын негиздеген "ПроМедиа" фондунан жана анын түзүүчүлөрү Нарын Айып менен Дина Маслованын, ошондой эле “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупованын соттун чечими менен чегерилген сумманы бөлүп төлөө боюнча өтүнүчүн караган. Буга сот аткаруучулар каршы болуп, судья Кымбат Архарова арыз ээлеринин өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Быйыл жазында Башкы прокуратура "Zanoza.kg" сайтына чыккан "айрым материалдар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди" деп сотко жалпысынан 30 миллион сом өндүрүү боюнча беш доо арыз берген.

Анын негизинде райондук жана шаардык сот прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган.

Жогорку Сот "Zanoza.kg" сайтын негиздеген Дина Масловага, Нарын Айыпка, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага байланыштуу райондук жана шаардык соттор чыгарган үч өкүмдү 30-ноябрда өзгөртүүсүз калтырган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG