Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Улуттар Уюмунун резолюциясында Крымдагы укук бузуу фактылары айыпталды


Севастополдогу нааразылык акциясы. 7-ноябрь, 2017-жыл.
Севастополдогу нааразылык акциясы. 7-ноябрь, 2017-жыл.

БУУнун Башкы ассамблеясы жактырган резолюция анексияланган Крымдагы адам укуктарын бузууну кескин айыптоо менен Орусияны ал жердеги “оккупациялык бийлик” катары мүнөздөлдү.

Украина жана башка 30 өлкө сунуш кылган резолюцияны 70 мамлекет колдосо, 27 өлкө, анын ичинде Кыргызстан, Казакстан, Беларус, Кытай каршы чыкты, 76 мамлекет арсар добуш берди.

Украинанын БУУдагы миссиясы жаңы резолюция Орусия менен Украинанын ортосунда аскердик жаңжал бар экенин ырастаганына көңүл бурду.

Украинанын тышкы иштер министри Павло Климкин болсо азыркы резолюция БУУда буга чейин кабыл алынгандардын ичинен эң катаалы экенин белгиледи.

Резолюция бардык укук бузуу фактыларын, анын ичинде мыйзамсыз камоону, кыйноону тезинен токтотууга чакырып, Орусиядан жарым аралдагы украин жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин толук калыбына келтирүү боюнча БУУнун Эл аралык сотунун өткөөл чечимин аткарууну талап кылган.

Резолюция ошондой эле Орусияны Крым татарларынын межлисин экстремисттик уюм катары тааныган чечимин өзгөртүүгө, Крым татарлары үчүн киргизилген башка чектөөлөрдү жоюуга да чакырат.

Анда Орусия БУУнун Адам укуктарына мониторинг жүргүзүүчү миссиясын Крымга киргизбей койгону үчүн да айыпталган.

Расмий Москва "Крым Орусияга 2014-жылдын март айындагы референдумдун негизинде өз эрки менен кошулду" деп билдирип жүрөт.

Бирок ал референдумду эл аралык коомчулук тааныган эмес.(UE)

XS
SM
MD
LG