Административдик укук бузуу боюнча кодекске сунуш кылынган өзгөртүүлөр бүгүн парламенттин төмөнкү палатасы - Мажилисте жактырылды.
Ал өзгөртүүлөр күчкө кирсе эрежедегиден саатына 10-20 чакырым ылдамдыкка ашып кеткендер үчүн айыппул өлчөмү эки эсе азайтылат.
Башкача айтканда, бул эрежени бузуу үчүн айыппул он айлык эсептик көрсөткүчтө (бир айлык эсептик көрсөткүч 2 миң 269 теңге) белгиленсе, эми бешке түшүрүлүүдө.
Каршы тилкеге чыгып кеткендер буга чейин айдоочулук күбөлүктөн бир жылга ажыратылса, мыйзам долбоорунда бул жаза алты айга түшүрүлгөн.
Жол эрежесин бузгандар үчүн айыппул өлчөмдөрүн азайтууну жыл башында Казакстандын Башкы прокуратурасы сунуш кылган.
Жүйө катары айыппулдун көтөрүлүшү жол кырсыктарын азайтпаганы, ага катар калктын кирешеси төмөндөгөнү менен кээ бир айыппулдардын өлчөмү акыркы 15 жылда ондогон эсе көбөйгөнү сөз болгон.
Казакстан да жол-транспорт кырсыктарындагы адам өлүмүнүн көрсөткүчү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат. (UE)