Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:33

БШК төрайымынын орун басары болуп Акылбек Эшимов шайланды


БШК.
БШК.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басарлыгына Акылбек Эшимов шайланды. Ал жалгыз талапкер болгонун БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов "Азаттык" радиосуна билдирди. Добуш берүү 20-декабрда өттү.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева шайлоону жабык өткөрүү жөнүндө сунуш киргизди. Бирок ал колдоо тапкан жок. Ушундан улам Журабаева добуш берүүдөн баш тартты.

БШКнын эки мүчөсү - Атыр Абдрахматова менен Назарали Арипов - жыйынга келген жок.

Төрайымдын мурдагы орун басары Атыр Абдрахматова 8-декабрда кесиптештеринин чечими менен кызматтан алынган. Абдрахматова өзү муну мыйзам бузуу фактыларын ачык айтып келгени үчүн “саясий куугунтук катары” бааласа, кесиптештери тек гана “орун алмаштыруу” деп түшүндүрүшкөн. (SE)

XS
SM
MD
LG