Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 19:39

Pussy Riot тобунун мүчөсү ФСБдагы акциясы учурунда кармалды


Мария Алёхина ФСБнын башкы имараты алдындагы акцияда. 20-декабрь, 2017-жыл.

Мария Алёхина бүгүн Москвада, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы – ФСБнын баш кеңсесиндеги акциясы учурунда кармалды.

Ал акцияга мурдагы советтик атайын кызмат - НКВД, кийинки КГБ түзүлгөнүнүн жүз жылдыгына байланыштуу чыккан эле.

ФСБ имаратынын кире беришинде “Желдеттер, туулган күнүңөр менен” деген плакатты көтөрүп турган.

“Биз ФСБ имаратына келип, чекисттерди куттуктоону чечкенбиз. ФСБ- КГБнын тикелей мураскери, ушуну дагы бир жолу эске салдык ”, -деди Алёхина “Эркин Европа/Азаттык радиосуна полиция бекетинен.

20-декабрь - Орусияда атайын кызматта иштегендердин кесиптик майрамы.

Pussy Riot тобунун эки мүчөсү, анын ичинде Мария Алёхина 2012-жылы Москвада, Орус провослав чиркөөсүнүн кафедралдык соборунда (Храм Христа Спасителя) “диний жек көрүүчүлүк жүйөсү менен бейбаштык кылды” деп айыпталып, эки жылга абакка кесилишкен.

2013-жылы декабрда, жаза мөөнөтү бүтөргө жакындап калганда, Сочи олимпиадасын утурлай мунапыстын негизинде бошотулушкан.

Алар 2012-жылы чиркөөдөгү акциясы учурунда ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Владимир Путинге каршы ырдашкан. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG