Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Тажикстан менен Ооганстанды туташтырган кан жолдо чектөө киргизилди


Тажик-ооган чегиндеги Шамсиддин Шохин району. 3-декабрь, 2017-жыл.
Тажик-ооган чегиндеги Шамсиддин Шохин району. 3-декабрь, 2017-жыл.

Ооган медиасы Кундуз провинциясынын бийлигине шилтеме кылып кабарлагандай, чек арадагы Шер Хан Бандар шаарчасынын жанындагы кан жол төрт күндөн бери жабык турат. Бул өз кезегинде чек ара соодасына кесепетин тийгизүүдө.

Ооган тараптын маалыматтарында жолду Тажикстан жапканы айтылат. Бирок тажик расмий адамдары бул боюнча кандайдыр комментарий берип, билдирүү жасай элек.

Анткен менен Тажикстандын түштүк райондорундагы өз атын атабаган расмий адамдардын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айткандарына караганда, эки өлкөнү туташтырган негизги жол төрт күндөн бери автоууналар жана жөө адамдар үчүн жабылган. Бирок жүк тарткан унаалар өткөрүлүп жатат.

Эки тарапты бириктирген башка дагы бир нече жол, анын ичинде Пянж дарыясындагы беш көпүрө кеминде он күндөн бери жабык турат.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чек арадагы жолдордун жабылышынын жана башкы жолдо киргизилген чектөөлөрдүн себептерин айтышкан жок.

Тажикстан Ооганстан менен чек арадагы өткөөлдөрдү буга чейин да бир нече ирет жапкан эле. Ал учурларда буга "Талибан" согушкерлеринин коркунучу, баңгизат ташыган аткезчилерге каршы операция себеп болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG