Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Евробиримдик Польшага сот реформасынан улам чара көрүүдө


Сот реформасына каршы жүрүш. Варшава, 14-декабрь, 2017-жыл.
Сот реформасына каршы жүрүш. Варшава, 14-декабрь, 2017-жыл.

Евробиримдиктин аткаруучу органы болгон Еврокомиссиянын 20-декабрдагы билдирүүсүнө караганда, Польшада пландалган сот реформасы, анын ичинде сотторду дайындоонун жолдору мыйзам үстөмдүгү жана демократия үчүн коркунуч туудурат.

Ошондон улам Еврокомиссия Польшага каршы буга чейин болуп көрбөгөн дисциплинардык чараны ишке киргизүүдө.

Евробиримдиктин келишиминин 7-беренеси боюнча эми анын курамындагы өлкөлөр Польша биримдиктеги мыйзам үстөмдүгүнө байланышкан принциптерин олуттуу бузган-бузбаганын чечиши керек. Чечим кабыл алуу биримдикке кирген өлкөлөрдүн бештен төртүнүн добушун талап кылат.

Анткен менен Еврокомиссия эгер Варшава үч ай ичинде укуктук жактан коргонуу каражаттарынын тизмесин берсе, өз чечимин токтоторун да белгиледи.

Евробиримдик келишиминин 7-беренеси колдонулуп, ага 27 мамлекеттин баары макул болсо, Польша Европа Кеңешинде добуш берүү укугунан ажырап калышы да мүмкүн.

Бирок Венгрия мындай чарага вето коерун билдирүүдө.

Парламенттин эки палатасында жактырылган сот реформасына каршы Польшада буга чейин миңдеген адамдар нааразылык акциясына да чыгышкан. Бул боюнча мыйзамга алдыда президент Анджей Дуда кол коюшу керек.

Азыркы бийликтеги саясий күч - консервативдик “Мыйзам жана Адилеттүүлүк” партиясы реформа коррупцияны ооздуктайт деп эсептөөдө. (UE)

XS
SM
MD
LG