Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

АКШ Рамзан Кадыровго санкция салды


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровго каршы каржылык санкцияны Магнитски мыйзамына ылайык киргизди.

Бул ирет санкциялык тизмеге аны менен кошо дагы төрт орусиялык кошулду.

Рамзан Кадыровго жана дагы бир чеченстандык адамга санкция “адамдын эл аралык жактан таанылган укуктарын одоно бузганы” үчүн салынган.

“Биз Магнитски мыйзамын Орусияда адам укуктарын одоно бузгандарга, анын ичинде адамды сотсуз өлтүргөндөргө, кыйнагандарга, жек көрүүгө татырлык башка аракеттерге баргандарга каршы агрессивдүү чара көрүш үчүн пайдаланууну улантабыз", деп белгиледи АКШнын Каржы министрлигинин санкциялар башкармалыгынын директору Жон Смит.

Вашингтондон түшкөн бул жаңылыкка азырынча расмий Москва же Чеченстандын бийлиги өз мамилесин билдире элек.

Чеченстанда ондогон кумсалар полиция тарабынан кармалып, кыйноого алынып, кемсинтүүгө кабылганын быйыл жыл башында биринчи жолу “Новая газета” жазып чыккан эле.

Кийин “Хьюман Райтс Уочт” уюму кумсаларга каршы өнөктүктү Чеченстандын бийлиги көрсөтмө берип жүргүзгөнүн билдирген.

Кадыров өзү бул көрүнүшкө тиешеси бар экенин четке каккан.

Магнитски мыйзамы АКШда 2012-жылы адам укуктарын бузууга тиешеси бар орусиялыктарды жазалаш үчүн кабыл алынган.

Ал мыйзамдын негизинде түзүлгөн кара тизменин коомчулук үчүн ачык бөлүгүнө азыр 49 адам киргизилген. Анын жашыруун бөлүгүндө да белгисиз сандагы адамдар бар экени болжолдонот.

Санкциялык тизмедегилер каржылык жана саякат жагынан ар кандай чектөөлөргө кабылышат.

АКШнын мыйзамы 2009-жылы Орусиянын түрмөсүндө каза тапкан юрист Сергей Магнитскинин ысымы менен аталган. (UE)

XS
SM
MD
LG