Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:54

Өкмөт башчы спортчуларды сыйлайт


Олимпиадалык комплекстин сыртынан көрүнүшү. Ашхабад. 27-сентябрь, 2017-жыл.

Премьер-министр Сапар Исаков Түркмөнстанда өткөн 5-Азия оюндарында ийгиликке жетишкен спортчуларга, машыктыруучуларга жана спорттук федерациялардын өкүлдөрүнө сыйлык тапшырат.

Сыйлык тапшыруу аземи 21-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот. Бул тууралуу өкмөттүк аппарат маалымдады.

Быйыл күзүндө Түркмөнстанда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында Кыргызстандын командасы 70 байге менен 8-орунду ээлеген. Байгелердин 13ү алтын, 20сы күмүш, 37си коло. Спортчулар жеңишти түркмөн күрөшү, бел боо күрөшү, алыш, пахлавани, ат спорту, тай боксу, бильярд, жеңил атлетика, кикбокс, самбо, спорттук бий, жиу-житсу, эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча камсыз кылышты.

Мелдешке Кыргызстандан спорттун 17 түрүнөн 153 спортчу катышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG