Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Москвадагы кырсыкта жабыркаган келиндин иши тергөөгө өттү


Гүлбарчын Дооранова.
Гүлбарчын Дооранова.

41 жаштагы Гүлбарчын Дооранова жараат алган автокырсык боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилгенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 20-декабрда маалымдады.

Анда айтылгандай, ИИМдин Москвадагы өкүлү Раим Салимов 14-декабрда Москва ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугуна көзөмөл кылуучу бир катар жетекчилери менен жолугушкан. Жолугушууда алар кыргызстандык жаран жабыркаган автокырсык боюнча чогулган материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилгенин ырастаган.

Орусиянын Кылмыш-процессуалдык кодекси боюнча, ишти кароонун мөөнөтү 29-декабрга чейин созулат, андан кийин чыгарылган жыйынтыкка карай кылмыш иши козголушу ыктымал.

Элчиликтин маалыматына караганда, ИИМдин Москвадагы өкүлү окуя боюнча текшерүү материалдарын кароонун жыйынтыгы тууралуу маалымат беришин орусиялык кесиптештеринен өтүнгөн. Элчилик бул маселенин жөнгө салынышын көзөмөлдөөгө убада берип жатат.

Гүлбарчын Дооранованы 27-ноябрда түнкү ондор чамасында Вернадский көчөсүндө белгисиз айдоочу сүзүп кеткен. Өпкө-жүрөгү кагылып, ээги, жамбашы жана кабыргалары сынган, бел омурткасына доо кеткен келиндин жакындары бул иш боюнча полицияга кайрылганын, бирок алар чара көрбөй жатканын айтып, нааразылык билдиришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG