Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Момбеков Абдыгуловго: Сизге Улуттук банкты 49 жылга ижарага берели


Рыскелди Момбеков жана Толкунбек Абдыгулов.
Рыскелди Момбеков жана Толкунбек Абдыгулов.

Бүгүн Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин карап жатат. Депутат Рыскелди Момбеков акыркы айларда Абдыгулов бир нече кызмат ордун алмаштырганын жана анын көрүнүктүү иш аткара албаганын сындады:

- Мындан эки ай мурда эле сизге биринчи-вице-премьерликти сунуш кылышып, ал жакка бардыңыз эле, көп өтпөй вицеликке жылдыңыз, бийликтин эрке баласы болдуңуз. Сизге Сапар Исаков тарабынан чоң ишеним көргөзүлгөн. Бир ишиңиз менен көрүнө алган жоксуз. Эми кайра Улуттук банкка баратасыз. Мен бийликтин кадр саясатына таң калам. Сизге Улуттук банкты 49 жылга эле ижарага бериш керек болуп калды, кызыл китеп берип. Кулматовго Бажы кызматын берели.

Ушундай эле маселени депутат Курманкул Зулушев, Жанар Акаев көтөрүп, бир адамды кызматка дайындаганда жок дегенде бир жылга чейин өзгөртпөй, жоопкерчиликтүү мамиле кылыш керек экендигин белгилешти.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жаткан Абдыгулов бул кызматка барууну президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылганын, өзү ага макул болгонун билдирди.

Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловду кайрадан Улуттук банктын төрагалыгына дайындоо боюнча сунушту парламенттин Экономика жана фискалдык саясат бөлүмү 19-декабрда жактырган.

Толкунбек Абдыгулов 2014-жылдан 2017-жылдын августуна чейин Улуттук банкты жетектеген. Кийин биринчи вице-премьер болуп, 17-ноябрдан тартып вице-премьер-министр болуп иштей баштаган.

Улуттук банкты жетектеп турган Кубанычбек Кулматов быйыл 11-декабрда Бажы кызматына башчы болуп кеткен. (КE)

XS
SM
MD
LG