Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 20:38

Парламент Сот тандоо кеңешинин жаңы мүчөлөрүн шайлады


Бүгүн Жогорку Кеңеш Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамын бекитти. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети тогуз талапкерди көрсөттү.

Алардын үчөөнү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы (Тилектеш Бегалиев, Айбек Монолов, Назира Сопубекова), дагы үчөөнү Судьялар кеңеши (Шералы Камчыбеков, Элмира Барктабасова жана Ирина Горшкова) сунуш кылган. Мындан тышкары “Өнүгүү-Прогресс” Гүлжан Кошокованын, “Республика – Ата-Журт” Алтынбек Кубатбековдун жана “Ата Мекен” Алмаз Калабаевдин талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү үч жылга шайланат жана мөөнөтү бүткүчө аларды эч ким артка чакырта албайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG