Линктер

шейшемби, 16-январь, 2018 Бишкек убактысы 15:34

Бишкектеги суу каналдын боюнан сөөгү табылган ымыркайдын энеси табыла элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек милициясынын басма сөз катчысы Адыл Оморов кабарлады. Анын айтымында, ымыркайдын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө-иликтөө иштери уланууда.

Милиция жаңы төрөлгөн баланын сөөгү 14-декабрда Көлбаев көчөсү менен Чүй каналынын ортосунан табылганын кабарлаган. Анын денесинде кыйноонун издери байкалган. Милиция баланын муунтулганын же ташталгандан кийин жырткычтар кол салганын иликтөөдө.

Ушул жылдын ноябрь айында Кыргызстанда жарыкка жаңы келген эки ымыркайды көчөгө таштап кетиш учур катталган. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG