Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Канатбек Исаевдин сотунда ишти иликтөө башталды


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевге байланыштуу ишти карап жатат. Бүгүнкү соттук отурумда ишти иликтөө башталды. Судья бир нече томду камтыган тергөө ишин окуй баштады. Адвокат Бакыт Осмоналиев “Азаттыкка” билдиргендей, буга чейин кылмыш ишинде чогулган материалдардын бардыгы кылдаттык менен иликтенип жатат.

- Кылмыш ишиндеги материалдар изилденип жатат. Андан соң бизден өтүнүчтөр болсо карайт, андан кийин жарыш сөзгө өтөбүз.

Канатбек Исаевге каршы алгачкы кылмыш иш быйыл май айында козголгон. Ага Токмок шаарынын мэри болуп турганда "муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга карматкан жана мэриянын башка кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекетти курууну өзүнө караштуу ишканага берген" деп айып тагылган. Исаев өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин “саясый куугунтук” деп баалап жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG