Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Кыргыз парламентинин төрагасы өзбек президенти менен жолукту


Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв менен жолукту. Ал спикер катары биринчи сапарын Өзбекстандан баштаганын символдуу деп атады. Ошондой эле “жыйырма жыл ичинде боордош элдерибиз бири-бири менен эркин баарлаша албай, белгилүү жагдайлардан улам кысынып келишти. Эми бир тууган эки мамлекеттин жүз миңдеген жарандары эриш-аркак болушу үчүн бөгөттөр четтетилди”, деп белгиледи. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу кабарлады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган кыргызстандык делегация расмий иш сапары менен Ташкент шаарына 20-декабрда барган.

Иш сапарынын алкагында Жумабеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевден сырткары, Олий Мажлис Сенатынын Төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолугушту. (КЕ)

XS
SM
MD
LG