Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

"Хьюман Райтс Вотч" кыргыз президентин адам укуктарына көз салууга үндөдү


Эл аралык "Хьюман Райтс Вотч" уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон президент Сооронбай Жээнбековго жиберген катында Кыргызстанда адам укуктарынын корголушун жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарды берет. "Шайлоо өнөктүгүндө "эгер президент болсом демократиялык принциптерге негизделген, адам укуктары урматталган мамлекетти курам” деп убада бергенсиз" деп айтылат катта.

"Хьюман Райтс Вотч" Кыргызстандын жаңы жетекчилигин 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо эл аралык байкоочулардын берген сунуштарын ишке ашырууга, бийликке сын айткан медиага, журналисттерге жана башка жарандарды кысымга алууну токтотууга, 2010-жылы улут аралык жаңжалдан кийинки сот иштерине көз каранды эмес комиссия түзүүгө, өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотууга, жарандык коомдун маанисин арттырууга, анын ичинде эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн өлкөгө киришине карата чектөөлөрдү алып салууга, кыйноону токтотууга, үй бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзамды күчөтүүгө, тынч чогулуштарга уруксат берүүгө, сексуалдык азчылыктарды басмырлоону токтотууга жана Майыптардын укугу жөнүндө конвенцияны ратификациялоого үндөйт.

Президент Жээнбековго жөнөтүлгөн катта жогорудагы сунуштарды ишке ашырыш үчүн кыргыз өкмөтү менен конструктивдүү кызматташуу улантылары дагы баса белгиленет.

"Хьюман Райтс Вотч" - дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүндө адам укуктарынын сакталышына көз салган бейөкмөт уюм. Ал Кыргызстанда 20 жылдан ашуун иш жүргүзүп келет. 2015-жылы кыргыз бийлиги уюмдун изилдөөчүсү Мира Риттманнды "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамды бузган" деген негизде өлкөгө киргизбей койгон.

XS
SM
MD
LG