Линктер

шаршемби, 17-январь, 2018 Бишкек убактысы 11:03

АКШ президенти Доналд Трамп Улуттар Уюмунун Иерусалим боюнча резолюциясын колдой турган мамлекеттерге каржылык жардам берүүнү токтоторун айтып чыкты. 21-декабрда карала турган резолюция Вашингтонду Иерусалимди Израилдин баш калаасын деп тааныган чечимин жокко чыгарууга чакырат.

- Алар Кошмо Штаттардан миллиондогон, керек болсо миллиардаган доллар жардам алышат да, бизге каршы добуш берүүнү көздөшүүдө. Мейли, добуш беришсин, биз анын жыйынтыгында эбегейсиз акчаны үнөмдөп калабыз. Бирок бизге каршы добуш бергендерди эч качан унутпайбыз, деди Трамп шаршембиде.

Башкы Ассамблеяга мүчө 193 өлкө чукул жыйынга бүгүн чогулат.

Расмий маалыматка ылайык, 2016-жылы Кошмо Штаттар Жакынкы Чыгыш, Африка мамлекеттерине 26 млрд доллар, Түштүк жана Борбор Азия өлкөлөрүнө - 6,7 млрд доллар, ал эми Батыштагы коңшуларына 2,2 млрд доллар жардам көрсөткөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG