Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

VI чакырылышта 9 депутатка иш козголду


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 9 депутатка кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Маалыматка ылайык, КСДПдан 2, “Республика – Ата-Журттан” 1, “Кыргызстандан” 1, “Бир болдон” 2 жана “Ата Мекен” фракциясынан 3 депутатка иш ачылган. КСДПнын депутаты Музаффар Исаковго “Коррупция” беренеси боюнча 2017-жылдын 14-февралында кылмыш иши козголгон. Арадан 10 ай өтсө да УКМК тергөөнү бүтүрө элек. Бийлик партиясынын дагы бир депутаты Нурмахамат Баяхуновго “Көз боемочулук”, “Документ жасалмалоо” беренелери боюнча иш козголуп, эки ай өтпөй бул иш "кылмыш курамы табылган жок" деген жүйө менен жабылган. Бирок Баяхунов мандатын тапшырып, анын ордуна Алы Карашев депутат болгон.

“Республика – Ата-Журт” фракциясынан Өмүрбек Бабановго президенттик шайлоодон көп өтпөй “Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштыруу чакырыгы” жана “Улут аралык кастыкты козутуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Бабанов ошол бойдон Кыргызстанда эмес. Ал фракция лидерлигин Руслан Казакбаевге өткөрүп берген.

“Кыргызстан” фракциясынан депутат Канатбек Исаевге да президенттик шайлоодон соң “Массалык башаламандык уюштуруу”, “Бийликти күч менен басып алуу аракети” жана “Кылмышка даярдык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 30-сентябрдан бери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта отурат. Исаевге ага чейин коррупция боюнча да иш козголгон.

“Бир бол” фракциясынан Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго 20-майда коррупция боюнча иш козголуп, ушул кезге чейин тергөөсү бүтө элек.

“Ата Мекенден” 3 депутатка кылмыш иши козголуп, кыска убакыттын ичинде бардыгына тең сот өкүмдөрү чыкты. “Коррупция” жана “Алдамчылык” беренелери боюнча айып коюлган Өмүжрбек Текебаевге 9 айдын ичинде 3 инстанциянын чечими чыгып, мандатынан ажыратылды. Аида Саляновага “кызмат абалынан кыянат пайдаланды” деген күнөө коюлуп, райсот аны 5 жылга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим чыгарган. “Ата Мекендин” дагы бир депутаты Алмамбет Шыкмаматовго “Коррупция” беренеси боюнча иш козголуп, райондук сот аны 5 миллион сом айыпка жыкты.

Парламенттик шайлоо 2015-жылы 4-октябрда өткөн. Анда 6 партия шайланып келген. Жогорку Кеңеш депутаттары 5 жылдык мөөнөткө шайланат. (UEz)

XS
SM
MD
LG