Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Вице-премьер ар бир аймактын жеке брендин иштеп чыгууну тапшырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова мамлекетке туристтерди тартыш үчүн ар бир аймакка өз брендин иштеп чыгууну тапшырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча маркетинг стратегиясынын долбоорун сунуш кылды. Султанбекова облус башчыларына аны терең үйрөнүп чыгууга буйрук берди.

Султанбекованын пикиринде, бул багытта аймактардын өз жоопкерчилигин күчөтүү зарыл, ал эми Туризм департаментинен тапшырма күтүп отуруу туура эмес.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, соңку беш жылда туризм тармагынын пайдасы Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 5% түзүүдө. 2016-жылы чет элдик туристтерден 415 миллион доллар түшкөн.

Мамлекеттик чек ара кызматы былтыр өлкөгө 2,9 миллион чет элдик жаран киргенин, алардын 1,2 миллиону эс алуучулар болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG