Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Чолпон Жакупова БУУнун комитетине кайрылат


Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакупова "Zanoza.kg" сайтынын негиздөөчүлөрү менен бирге Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган чечимине каршы арыз беришерин айтты. Бул тууралуу укук коргоочу “Азаттык клуб” берүүсүндө билдирди.

19-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту "Zanoza.kg" сайтын негиздеген "ПроМедиа" фондунун жана анын түзүүчүлөрү Нарын Айып менен Дина Маслованын, ошондой эле Чолпон Жакупованын соттун чечими менен чегерилген сумманы бөлүп төлөө боюнча өтүнүчүн канааттандырган эмес.

- Биздин бөлүп төлөө тууралуу өтүнүчүбуздү аткаруудан баш тартышты. Биз шаардык сотко арызданабыз. Бардык скепсистерге карабай жана ийгиликсиз болорун билип турсак дагы биз мыйзамды сыйлайбыз, аны аткарабыз. Биздин укуктук механизмдерди колдонууга укугубуз бар.

Мындан сырткары Жакупова алар Бириккен Улуттар Уюмунун комитетине кайрылууга ниеттенип жатышканын кошумчалады.

Быйыл жазында Башкы прокуратура "Zanoza.kg" сайтына чыккан "айрым материалдар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди" деп сотко жалпысынан 30 миллион сом өндүрүү боюнча беш доо арыз берген.

Анын негизинде райондук жана шаардык сот прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган.

Жогорку Сот "Zanoza.kg" сайтын негиздеген Дина Масловага, Нарын Айыпка, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага байланыштуу райондук жана шаардык соттор чыгарган үч өкүмдү 30-ноябрда өзгөртүүсүз калтырган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG