Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 05:33

Түштүк Кореядагы өрт 28 кишинин өмүрүн алды


Өрт чыккан имарат.

Түштүк Кореянын Чечхон шаарында сегиз кабаттуу имараттан өрт чыгып, расмий маалыматка караганда 28 киши өлдү. Кеминде 26 киши жаракат алганы кабарланууда.

Өрт өчүрүлдү. Бирок учурда имараттын ичинде издөө жүрүп жаткандыктан курмандыктардын саны дагы көбөйүшү ыктымал экени айтылып жатат.

Өрт эмнеден улам келип чыкканы азырынча белгисиз. Имаратта иш кеңселери, фитнес-борбор, ресторандар жана мончо бар болчу.

Бул күнү өлкөдө курмандыктардын урматына кышкы Олимпиадага байланыштуу өткөрүлүп жаткан салтанаттар токтотулду.

XS
SM
MD
LG