Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:26

Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү кеңешинин жыйыны болот


Жогорку Кеңеш төрагасынын алдындагы бул кеңештин бүгүнкү отурумунда ишкерлик мыйзамдары талкууланат. Ошондой эле бирдиктүү мыйзам иштеп чыгуунун зарылчылыгы ортого салынмакчы.

Жыйынга спикер Дастанбек Жумабеков, депутаттар жана ишкерлер катышат. Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү кеңешинин көчмө жыйыны "Супара" этнокомплексинде өтөт.

Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү кеңешинин башкы максаты - бизнес чөйрөнүн күчүн бириктирүү, инвестиция тартууну арбытуу, Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүү болуп саналат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG