Түркмөнстанда жогорку окуу жайлардын студенттерин стипендиядан өз ыктыяры менен баш тартуу боюнча арыз жазууга мажбурлашууда.
«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, студенттер ата-энелеринин кирешелери тууралуу маалымкат тапшырып, стипендияга муктаж эместиги тууралуу арыз жазууга аргасыз болушууда.
Магтымгулы атындагы Мамлекеттик улуттук университеттин өз атын атагысы келбеген студентинин айтымында, 2018-жылдын сентябрь айынан тартып стипендиялар берилбей турганы эскертилген.
1-январдан тартып студенттер үй-бүлө кирешеси тууралуу маалымкат тапшырышы керек.
Бийликтин стипендияларды жоюу планын расмий булактардан тактоого мүмкүн болгон жок. Ал арада түркмөн ЖМКлары 2018-жылы 1-январдан тартып маяна, пенсия, стипендия жана социалдык төлөмдөр 10 пайызга жогорулай турганын кабарлашты.
Түркмөнстанда жогорку окуу жайлардын студенттеринин стипендиясы 700-1100 манатты (Түркмөнстандагы расмий курс боюнча 3.5 манат – 1 АКШ долларына барабар) түзөт.