Линктер

бейшемби, 18-январь, 2018 Бишкек убактысы 15:23

Президент Сооронбай Жээнбеков анын кортежи жумушка кетип жаткан учурда тартип сакчыларынын жолду тазалап, башка унааларды жана жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй турушуна тыюу салды. Президенттик аппарат кабарлагандай, мындай чечим элдин талабын эске алуу менен кабыл алынган.

Буга чейин президент жана бийликтин башка бутактарынын жетекчилери жумушка кетип жаткан учурда күч органдарынын өкүлдөрү жолдон эч кимди өткөрбөй турчу. Бул көрүнүш коомчулукта дайыма сындалып келген.

Президент "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жашайт. Ак үйгө Манас, Чыңгыз Айтматов өкмөттүк трассасы менен барат. Мамлекет башчы бул жолдон эртең мененки саат 8дерде өтөт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG