Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:19

Бишкек шаардык кеңешинде автобустар маселесинде талаш чыкты


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкек шаардык кеңешинде Орусиядан насыяга 350 автобус сатып алуу боюнча токтом долбоору бүгүн талаш менен кабыл алынды.

Оппозициялык "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаттары каршылык иретинде жыйындан чыгып кетишти. Алар токтом шашылыш кабыл алынып жатканын, 3,5 миллиард сомдук насыя шаардын бюджетине оорчулук келтирерин билдиришти.

Депутаттарга насыяга автобус сатып алуу боюнча биринчи вице-мэр Ринат Макенов баяндама жасады.

Газ менен жүргөн автобустарды сатып алыш үчүн 3,5 млрд. сомду "Газпромбанк" 12% үстөк менен "Газпром-Кыргызстан" аркылуу берет. Мэрия насыяны төлөөгө 350 миң баалуу кагазды сатыкка чыгарат. Бересе 5 миллиард сом болот, аны төлөө 2019-жылы башталып, 2025-жылга чейин уланат.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкек шаары автобус-троллейбустар менен 20% камсыз болгон. Күнүгө 120дан ашуун автобус каттамга чыгат. Андан тышкары, 2600дөн ашуун маршруттук кичиавтобустар жүрөт.

Баш калаанын эли 1 миллиондун тегерегинде.

Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” фракцияларынан куралган.

“Республика - Ата-Журт” фракциясы оппозицияда.

XS
SM
MD
LG