Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

"Эйр Манас" 23-декабрдан тартып Ташкентке уча баштайт


"Манас" эл аралык аэропорту. Бишкек.
"Манас" эл аралык аэропорту. Бишкек.

"Эйр Манас" авиакомпаниясы 23-декабрдан тартып "Бишкек-Ташкент" багытында авиакаттамын баштайт. Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учак шаршемби жана ишемби күндөрү учат. Билеттин баасы 110 доллардан өйдө.

Расмий маалыматка ылайык, 2018-жылы "Ош-Ташкент-Ош" каттамы да ачылат.

Буга чейин "Ташкент-Бишкек" багытында шейшемби, бейшемби күндөрү "Uzbekistan Airways" компаниясынын гана учагы каттачу.

Быйыл 13-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Ташкентте жолугушуп, транспорттук каттамдар боюнча макулдашкан.

XS
SM
MD
LG