Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Мекемелер үчүн президенттин сүрөттөрү сатыкка чыгарылат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Мекеме-ишканаларга илиш үчүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрү чыгарылат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева "Азаттыкка" билдирди:

- Мурдагы тажрыйбаны эске алып, 1-декабрдан баштап мамлекеттик, мамлекеттик эмес уюмдар суроо-талап менен кайрыла башташты. "Бизге президенттин портрети керек эле" деп. Андан кийин биз президентке сунуш кылдык. "Жапырт түрдө алгыла" деген тапшырма болгон эмес. Биз тарткан сүрөт жаңы эле бекитилди. Сатыкка чыккан жок. Каалоочулар болсо, биздин иш башкармалыкка кайрылышат. Алкагы жана сүрөттүн чыгымы менен миң сомго жетпеген акча, 600 сомдун тегерегинде болот.

Стамалиева кошумчалагандай, сүрөт мажбурлап сатылбайт, президенттик аппарат бекиткен форматтан башка портреттин илип алган мекеме-ишканаларга да эч кандай көрсөтмө же эскертүү берилбейт.

Буга чейин Оштун Кара-Кулжа районунда мектептер үчүн президенттин сүрөтү 1500 сомдон сатылып жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Аны президенттик аппарат төгүнгө чыгарды.

XS
SM
MD
LG