Кыргызстанда 23-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз +4...+9,
Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз +4...+9,
Баткен облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +7...+12
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +7...+12.
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6...-11, күндүз +1...+6,
Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...-7,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24...-29, күндүз -7...-12 градус.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -2…-4, күндүз +7…+9 градус.