Ташкентте 27-декабрда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча министрликтердин деңгээлиндеги үч тараптуу жолугушуу өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады. 25-декабрда Ташкентке кыргызстандык адистердин тобу барат.
Бир күн мурун транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алган. Өлкө башчы тышкы рынокко чыгууда темир жол Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, министрге эксперттик топту жолугушууга жакшылап даярдоону тапшырган.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башынан бери эле көтөрүлүп келет. 2012-жылдагы эсеп боюнча долбоорду ишке ашырыш үчүн 6-6,5 миллиард доллар керектелет.