Улуу Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Москвага келип, 22-декабрда орус кесиптеши Сергей Лавров менен сүйлөшүү өткөрдү. Беш жылдан бери бир дагы британ министри Орусияга бара элек болчу.
Жонсон Лавров менен жолугушуусунда орус-британ алакасындагы маселелерге карабастан, эки өлкө коопсуздук жана тынчтык орнотуу маселелеринде чогуу иш алып барышы керек экенин айтты. Ал ошондой эле Британия менен Орусия Ирандын өзөктүк келишимин сактоо, Түндүк Кореянын коркунучун басаңдатуу жана Сириядагы согушту токтотуу сыяктуу эл аралык маселелерде кызматташуусу зарыл экенин кошумчалады.
Орусиянын тышкы иштер министри Лавров эки өлкөнүн алакасын жакшыртыш үчүн "конкреттүү кадамдар" жасалышы керек экенин билдирди.
"Биздин мамилебиз эң төмөнкү деңгээлде экени жашыруун эмес", - деди Лавров.
Лондон менен Москванын карым-катнашы Украина жана Сирия сыяктуу эл аралык маселелерден жана "Орусия Европа менен АКШнын шайлоосуна кийлигишти" деген дооматтардан улам начарлап кеткен. Москва бул дооматтарды четке кагып жүрөт.
2006-жылы Лондондо Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Александр Литвиненконун ууланып каза болушу да эки өлкөнүн мамилесин солгундаткан.