Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Өзбек президенти биринчи жолу парламентке кайрылды


Президент Шавкат Мирзиёев
Президент Шавкат Мирзиёев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкө тарыхында биринчи жолу парламентке кайрылуу жасады. Ал Ташкенттеги Симпозиумдар сарайында өзбек парламентинин эки палатасынын депутаттарын жыйынга чогултуп, анда 2017-жылдын жыйынтыгын чыгаруу менен бирге кийинки жылдын пландарына токтолду.

Мирзиёев 2018-жылды активдүү ишкерчиликтин, инновациялык идеялардын жана технологиялардын жылы деп жарыялоону сунуш кылды. Жыйынга катышкан эл өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ошондой эле аймактык жетекчилер да анын сунушун бир добуштан колдоду.

Өзбек президентинин кайрылуусун "Өзбекстан-24" телеканалы түз алып көрсөттү. "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлагандай, өлкөнүн биринчи президенти, маркум Ислам Каримов парламентке кайрылуу жасаган эмес. Ал болгону жыл сайын февраль айында өкмөт мүчөлөрү менен жыл жыйынтыгына арналган жыйын өткөрүп келген.

Каримов көз жумгандан кийин анын ордун баскан Шавкат Мирзиёев былтыр декабрь айында президенттик кызматка расмий киришкен.

XS
SM
MD
LG