Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:51

CPJ орус журналистине кол салууну дыкат иликтөөгө чакырды


Иллюстрация

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан "Журналисттерди коргоо комитети" (Committee to Protect Journalists - CPJ) Орусиядагы "Кавказ түйүнү" көз карандысыз интернет басылмасынын журналисти Вячеслав Прудниковго кол салууну иликтөөгө чакырды. Эл аралык уюм кол салууну көз карандысыз топ иликтеши керектигин, ишти жергиликтүү тартип коргоо органдарынын колуна тапшырып коюуга болбой турганын билдирди.

"Кавказ түйүнү" басылмасы журналисттеринин бирине кол салуу болгонун 21-декабрдын кечинде кабарлаган. Журналист Прудниковдун өзүнүн айтымында, ага Ростов облусунун Красный Сулин шаарындагы көрүстөндө видео тартып жүргөн учурда белгисиз адам бир нече жолу ок аткан. Андан соң ок чыгарган киши: "Бийлик жөнүндө жаза берип тажатып бүттүң", - деп кыйкырган.

Прудниковго эки ок тийип, ага операция жасалды. Кол салган адам из жашырып кеткен. "Кавказ түйүнү" бул окуяны журналисттин кесиптик ишмердиги менен байланыштырып жатат. Орус бийлиги журналистке кол салуу боюнча үн ката элек.

"Кавказ түйүнү" Орусиядагы "Мемориал" укук коргоо тобу тарабынан 2001-жылы түзүлгөн. Бул басылма көбүнесе Орусиянын курамындагы Түндүк Кавказ аймагынын жана Армения, Азербайжан жана Грузия маселелерин чагылдырат. Январь айында басылманын дагы бир журналисти Ростов-на-Дону шаарында ур-токмокко кабылган. 2013-жылы болсо "Кавказ түйүнүнүн" кабарчысы Ахмеднаби Ахмеднабиевди Дагестандагы үйүнүн жанынан атып кетишкен.

XS
SM
MD
LG