Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Дүйнөдө абакка түшкөн журналисттер көбөйдү


Быйылкы жыл бийликтин куугунтугуна кабылып, түрмөгө түшкөн журналисттер мурда болуп көрбөгөн көбөйгөнү менен эсте калчудай. Абактагы журналисттердин саны боюнча сап башында Түркия, Кытай, Египет турат.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитетинин жаңы баяндамасында быйыл дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндө 262 журналист өз кесибинин айынан абакка түшкөнү көрсөтүлгөн. Журналисттерди түрмөгө эң көп кескени жагынан “чемпион" болгон үч өлкөдө эле 134 киши темир тор артында жатат.

Журналисттерди коргоо комитети 1990-жылдардан бери жыл сайын абакка кесилген журналисттерди, кабарчы-баяндамачыларды, фотографтарды каттап келатат.

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Бийлик менен медиа ортосундагы чыңалуу кыргыз коомчулугунун көңүл чордонунда турат.

2017-жылы бир нече журналистти абактан бошотконуна карабастан, Түркия дагы эле бул тизмесинин башында турат. Ушул тапта бул өлкөдө 73 кабарчынын эркиндиги чектелген. Ошол эле маалда ондогон адамдар сотту күтүп жатса, ага кошумча жаңы кишилер кармалып жатат.

Түркиянын Элдик республикалык партиясынын өкүлү Барыш Яркадаш быйыл сентябрь айында эле Түркиянын абактарында 180 журналист отурганын айткан. “Бийликке оппозиция болгон ондогон гезит-журналдар, телеканалдар, басылмалар жана маалымат агенттиктери жабылды. Миңдеген журналисттер ишин жоготту. Журналисттерге каршы бир катар тергөө жана сот иштери жүрүп, алар камалып жатат" - дейт Яркадаш.

Түркияда 2016-жылы башталган медиага каршы репрессия июль айындагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин күчөдү. Бийлик бир катар журналисттерди компьютердеги "Bуlock" деген тиркемени колдонгон, АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүленге тиешелүү деп эсептелген уюмдардын банк эсептерин пайдаланган деп шектенип, топ-тобу менен кармаган.

31-мартта Стамбул соту мамлекеттик төңкөрүш боюнча айыпталып кармалган 19 журналистти бошотуу жөнүндө чечим чыгарган. Бирок прокурорлор дароо арызданып, журналисттер түрмөдөн тышка чыкпай эле, кайра айыпка жыгылган. Аларды абактан биринчи бошоткон соттор кызматтан алынган.

Египетте болсо журналисттерди узак мөөнөткө абакка камоо президент Абдул-Фаттах ас-Сисинин экстремизм жана жумушсуздук менен күрөш саясатынын фонунда күч алууда.

Түркиядагы журналисттерди куугунтуктоого каршы акция
Түркиядагы журналисттерди куугунтуктоого каршы акция

Египетте, Кытайда, Түркияда журналисттерди мамлекетке каршы ишмердүүлүк үчүн айыптоо кеңири жайылган. Жалпысынан дүйнө жүзүндө 194 журналист ушундай айыпка жыгылган.

Журналисттерди коргоо комитети өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү бүдөмүк жагы көп мыйзамдарды сын көз караштагы маалымат каражаттарына кеңири колдонушарын баса белгилейт.

Дүйнөдө 35 журналист эч кандай расмий айып тагылбастан эле камакка түшкөн. Ал эми Эритрея жана Сирия сыяктуу өлкөлөрдө жылдап дайыны чыкпаган журналисттер бар экени баяндамада айтылат. Маселен, Сириянын өкмөттүк түрмөсүндө жаткан жети журналисттин тагдыры алигиче белгисиз.

Эл аралык комитеттин тизмесине кирген туткундагы журналисттердин 97% жергиликтүү кабарчылар. Дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда түрмөдө отурган журналисттердин 22си аялдар. Штаттан тышкаркы кабарчыларга 75 кылмыш иши туура келет.

Журналисттер көтөргөн эң кооптуу темалар - саясий маселелер. Түрмөгө түшкөн көпчүлүк журналисттер бир нече тармактар боюнча жазып жүрүшкөн.

Комитеттин быйылкы баяндамасында өкмөттүк түрмөлөрдө гана отурган журналисттер камтылган. Ал эми ар кандай куралдуу топтордун колуна түшкөн журналисттер, анын ичинде “Ансар алла” экстремисттик кыймылы туткундаган йемендик кабарчылар эсепке кирген эмес. Алар “дайынсыз” же “уурдалган” деп белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG