Чүй айылында жана Токмок шаарында жер алдынан чыккан суу көтөрүлгөнүнө байланыштуу чукул кырдаал режими киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечимди Чүй облусунун жетекчилиги 19-декабрда кабыл алган.
Маалыматка ылайык, жер алдынан чыккан суу айрым үйлөрдүн жертөлөлөрүн каптаган. Киши өмүрүнө зыян келген жок. Адистер окуя болгон жерде иштеп жатышат.